≡ Menu

LEAHN Kyrgyz Republic

 

Алиева ГульсараМидиновна

Gulsara

1958-жылы Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) туулган, М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин  философия факультетин аяктаган, философия илимдеринин доктору. 1991-жылдан 2013-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катарында эмгектенген, милициянын полковниги. Бүгүнкү күндө педагогикалык жана илимий иштер менен алектенет, ошондой эле укук коргоо, гендердик маселелер жана ВИЧти алдын алуу боюнча эксперт катарында ар кандай долбоорлор менен иштейт, Кыргызстандын атынан  “Полиция жана ВИЧ” эл аралык тармагынын координатору болуп эсептелет жана Кыргызстан милиционер-айымдары Ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү.

«Полиция жана ВИЧ» тармагына кошулунуздар  жана полиция жана  коомдук саламаттыкты сактоо жонундо кобуроок билиниздер (Kyrgyz)

Присоединяйтесь к сети “Полиция и ВИЧ” и узнавайте больше о полиции и общественном здравоохранении (Russian)

Зыяндуулукту төмөндөтүү стратегиясын  жана ВИЧ-инфекцияны алдын алуу саясатын  укук коргоо органдарынын кызматкерлери колдоо жөнүндө арыз

 

Women signing statement of support

2014-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин музейинин имаратында “Полиция жана ВИЧ” эл аралык тармагына мүчө катарында кирүү жөнүндө Кыргызстандын айым милиционерлер Ассоциациясынын арыз берүүсү болуп өттү. Кыргызстандын айым милиционерлер Ассоциациясы (КАМА) 2010-жылы түзүлгөн, биринчи түзүүчү съездине Президент Роза Отунбаева катышкан. Кыргызстандын айым милиционерлер Ассоциациясы 2011-жылдан тартып Эл аралык айымдар-полициясы Ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат. Кыргызстандын айым милиционерлер Ассоциациясы (КАМА) ички иштер органдарында гендердик теңчилик маселесин көтөрөт, ошондой эле аялдарга карата зомбулукту бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзөт. Тармакка кирүүнү Кыргызстандын айым милиционерлер Ассоциациясы (КАМА) секс кызматын көрсөтүүчү аярлуу аялдарды коргоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн келечеги менен байланыштырат.

 

Күчүбүздү бириктирүү менен

2014-жылдын 21-22-майында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) өлкөнүн ички иштер органдарынын өздүк курамдын күжүрмөн жана кызматтык даярдыкка жооптуу кызматкерлери үчүн рефреш-тренинг (ВИЧ-инфекцияны алдын алуу чөйрөсүндө билимин жаңылоо боюнча тренинг) болуп өттү.

Тренинг “ВИЧ/СПИД маселелери жана зыяндуулугун төмөңдөтүү программасы боюнча КР ИИОнун өздүк курамын окутуунун ведомстволук планын ишке ашырууда ИИМге техникалык колдоо көрсөтүү” («Сорос-Кыргызстан» Фонду) жана “Кемчиликтерди толтуруу: калктын аярлуу катмарынын ден соолугу жана укуктары” (Нидерланды ТИМ) долбоорлорунун алкагында “Кыргыз Республикасындагы “СПИД Чыгыш-Батыш Фонду” Коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.  Белгилей кетчү нерсе, бул уюм “Ынтымактуу милиционерлер” тармагын түзүү боюнча иштерди жүргүзүп келет, ВИЧ-инфекцияны алдын алуу чөйрөсүндө жана зыяндуулугун төмөңдөтүү программасында иштеген бейөкмөт уюмдар менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү методдору менен эле окутуу иштерин жүргүзбөстөн, “теңге-тең” принциби боюнча окутуучу башка кызматкерлерге насаатчы катары да иш алып барат.

“Насаатчылар үчүн тренинг” программасы боюнча мурда окуудан өткөн кызматкерлерге өткөрүлгөн рефреш-тренингдин ушул жүрүшүндө, алар өлкөдөгү ВИЧтин абалы жана баңги жагдайлары боюнча жаңы маалыматтарды, педагогика жана психология жаатында билимдерди, окугандарды окутуу,  билимин баалоо, монитроинг жүргүзүү боюнча  маалыматтарды  алышты.  Коммуникативдик көндүмдөрдү өнүктүрүү  жана көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү өздөштүрүү үчүн тренингде топторго бөлүп: “ыкчам ой жүгүртүү”, ролго бөлүнгөн оюндар   жүргүзүлдү, чоңдорду окутуу методикасына басым жасоо менен ар кандай интерактивдүү формалар колдонулду. Сессиянын программасында каралгандай, чакырылган эксперттер, анын ичинен бейөкмөт уюмдардан келип өткөрүштү.  Программадагы жаңылануу (инновация) элементи катары биринчи жолу кошумча “ВИЧ-инфекцияга байланууну төмөңдөтүү контексинде гендердик зомбулукту алдын алуу” темасы киргизилди.

 

Өткөрүлгөн окуунун натыйжалуулугун баалоо үчүн анкеталык сурамжылоо жүргүзүлдү, андан ары рефреш-тренингге катышкан кызматкерлер ИИОнун өздүк курамына өткөрө турган сабактарга мониторинг жүргүзүү пландалды.   Натыйжада, бул иштин баардыгы эпидемияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын ишин бириктирүүгө максатталган.

 

Объединяя усилия

 

В Бишкеке (Кыргызская Республика) 21-22 мая 2014 состоялся рефреш-тренинг для сотрудников органов внутренних дел страны (тренинг по обновлению знаний в сфере  профилактики ВИЧ-инфекции), ответственных за боевую и служебную подготовку личного состава.

 

Тренинг проводил Общественный фонд «СПИД Фонд Восток-Запад в Кыргызской Республике» в рамках проектов: «Техническая  поддержка МВД в реализации  ведомственного плана обучения личного состава ОВД КР по вопросам ВИЧ/СПИДа и программам снижения вреда» (Фонд «Сорос-Кыргызстан») и «Восполняя пробелы: здоровье и права уязвимых групп населения» (МИД Нидерландов). Следует отметить, что данная организация осуществляет последовательную работу по созданию сети «Дружественных милиционеров» из числа сотрудников, которые не только обучаются методам конструктивного взаимодействия с неправительственными организациями, работающими в сфере профилактики ВИЧ-инфекции и в программах снижения вреда, но и выступают в качестве тренеров, обучающих других сотрудников по принципу «равный-равному».

 

Именно поэтому в ходе  прошедшего рефреш-тренинга сотрудники, ранее прошедшие обучение по программе «тренинга для тренеров», получили – помимо новых данных о ситуации с ВИЧ в стране и наркоситуации – знания в области педагогики и психологии обучения, мониторинга и оценки знаний обучаемых. Для развития коммуникативных навыков и освоения методики публичных выступлений на тренинге проводились  работа в группах,  «мозговой штурм”, ролевые игры, использовались другие интерактивные формы, с акцентом на методике обучения взрослых. Предусмотренные программой сессии провели приглашенные эксперты, в том числе из неправительственных организаций. В качестве инновационного элемента в программу была впервые включена  дополнительная тема «Профилактика гендерного насилия в контексте снижения уязвимости к ВИЧ-инфекции».

 

Для оценки эффективности проведенного обучения были осуществлены анкетные опросы, а в дальнейшем запланировано проведение мониторинга занятий с личным составом ОВД, которые будут проводить сотрудники, участвовавшие в рефреш-тренинге. В конечном счете, вся эта работа  нацелена на консолидацию усилий правоохранительных  органов и неправительственных организаций по борьбе с  эпидемией